Мен үчүн кайсы дин туура?

 

Тез татым ашканалары тамагыбызды өзүбүз каалагандай буйрутуу мүмкүнчүлүгү менен азгырат. Кээ бир кофе дүкөндөрү жыты буркураган кофенин жүздөгөн түрү менен мактанышат. Керек болсо үйлөрдү, унааларды сатып алып жатып да тандоо укуктарыбызды колдонуп, бизге жаккан сапаттары барын издейбиз. Эми биз бир эле шоколад, ванила жана бүлдүркөн көп болгон дүйнөдө эмес, көптөгөн нерселер бар дүйнөдө жашап жатабыз! Анда сиз жактырганыңызга жана муктаждыктарыңызга жараша каалаган нерсеңизди тапсаңыз болот.

Анда сиз үчүн туура болгон дин жөнүндө эмне десе болот? Күнөөлүү сезимден бошоткон, талаптарды койбогон, кылыш керек жана кылбаш керектер деген талаптары жок ишеним жөнүндө кандай ойдосуз? Так ушундай ишеним бар, ал так эле мен сүрөттөп кеткендей. Бирок дин аябай жаккан даам же балмуздак сыяктуу тандалышы керекби?

Биздин көңүлүбүздү буруу үчүн көптөгөн үндөр атаандашып жатышат, анда эмнеге Ыйсаны Мухаммед, Конфуций же Будда сыяктуу дин негиздөөчүлөрүнөн жогору коюшубуз керек? Акыры бардык эле жолдор бейишке алып барат эмеспи? Бардык эле диндер негизинен окшош эмеспи? Чындыгында, бардык эле жолдор Ошко алып барбагандай, бардык эле диндер бейишке алып бара бербейт.

Ыйса гана Кудайдын бийлиги менен сүйлөгөн, анткени Ыйса гана өлүмдү жеңген. Мухаммед, Конфуций жана башкалар эчак эле өлүп, көрлөрүндө чирип жок болушкан. Бирок Ыйса зөөкүр римдиктердин айкаш жыгачында өлгөндөн кийин, Өз күчү менен көрдөн тирилип чыккан. Өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар Инсан биздин көңүл буруубузга татыктуу. Өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар Инсан кулак салууга татыктуу.

Ыйсанын тирилүүсүн коштогон далилдер таң калтырат. Биринчиден, Ыйсанын тирилгенин беш жүздөн ашык адам өз көзү менен көргөн! Демек, өз көзү менен көргөн күбөлөр өтө көп болгон. Беш жүз адамдын айтканына ишенбей коюуга болбойт. Ошондой эле Анын көрүстөнү бош калган. Ыйсанын душмандары Анын өлүп, чирип баштаган денесин алып чыгып, тирилүү жөнүндөгү бардык миш-миштерди оңой эле токтотуп койсо болот эле, бирок алып чыгып көрсөтө турган сөөк жок эле! Көрүстөн бош калган! Шакирттери Анын сөөгүн уурдап кете алат беле? Мындай нерсеге жол бербөө үчүн Ыйсанын көрүн куралданган жоокерлер өтө сактык менен кайтарып турушкан. Ал колго түшүрүлүп алынып, айкаш жыгачка керилгенде, Анын эң жакын жолдоочулары коркконунан качып кетишкенин эске алсак, анда үрөйү учуп турган, шөмтүрөгөн балыкчылардын Ыйсанын сөөгүн урдоо максаты менен көргө барып, аны кайтарып турган машыккан адис жоокерлер менен жекеме-жеке күрөшкөнү таптакыр акылга сыйбайт. Алар калп үчүн өмүрлөрүн курмандыкка берип, кийин алардын көбү азап чегип өлүшмөк эмес. Бул – Ыйсанын тирилүүсүн эске албай коюуга жол бербеген жөнөкөй факт!

Дагы бир ирет айта кетсек, өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар Инсан кулак салуубузга татыктуу. Ыйса өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар экенин далилдеди; ошол себептен биз Анын айтканына кулак салышыбыз керек. Ыйса Өзү куткарылуу үчүн жалгыз жол экенин жарыялайт (Жакан 14:6). Ал жөн эле жол эмес, көптөгөн жолдордун бири эмес. Ыйса – жалгыз жол.

Ошол эле Ыйса: "Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем", – деп айтат (Матай 11:28). Бул катаал дүйнөдө жашоо кыйын. Арабызда көбүбүз кансыраган, бети-башыбыз көгала болгон жана жаракат алган адамдарбыз. Туурабы? Анда эмнени каалайсыз? Калыбыңызга келүүнүбү же жөн эле диндиби? Тирүү Куткаруучунубу же көптөгөн өлүк “пайгамбарлардын” бирин ээрчүүнү каалайсызбы? Маңыздуу мамилелердиби же маанисиз диний салттардыбы? Ыйса көп тандоолордун бирөөсү эмес, жападан жалгыз тандоо!

Эгер сиз кечиримди издеп жатсаңыз, Ыйсага ишенсеңиз, туура жолду тандаган болосуз (Элчилердин иштери 10:43). Эгер сиз Кудай менен болгон маңыздуу мамилени издеп жатсаңыз, Ыйсага ишенсеңиз, туура жолду тандаган болосуз (Жакан 10:10). Эгер сиз түбөлүк бейишке кирип калууну издеп жатсаңыз, анда Ыйсага ишенүү – туура жол (Жакан 3:16). Ыйса Машаякка Куткаруучуңуз катары ишениңиз, ошондо өкүнбөйсүз! Күнөөлөрүңүздүн кечирилүүсүн Ага тапшырыңыз, ошондо өкүнбөйсүз!