Ыйса бейишке алып баруучу жалгыз жолбу?

 

 

Ооба, Ыйса – бейишке алып барган жалгыз жол. Мындай кескин жооп азыркы замандын адамына катуу тийиши мүмкүн, бирок бул чындык экени шексиз. Ыйык Китеп куткарылууга Ыйсадан башка жол жок экенин айтат. Ыйса Өзү Жакандын жакшы кабары 14:6да мындай дейт: «Мен – жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, асмандагы Атабызга эч ким бара албайт». Ал көп жолдордун бирөөсү эмес, жападан жалгыз жол. Бир да адам кадыр-баркына, жетишкендиктерине, өзгөчө билимине же жеке ыйыктыгына таянып Кудай Атага бара албайт, Ыйса аркылуу гана бара алат.

Ыйса бейишке алып баруучу жалгыз жол болгонунун бир нече себеби бар. Ыйса Куткаруучу болуу үчүн «Кудай тарабынан тандалган» (1 Петир 2:4). Ыйса гана асмандан түшүп келип, кайра ошол жакка кеткен (Жакан 3:13). Ал гана жеткилең өмүр сүргөн (Эврейлерге 4:15). Ал гана күнөө үчүн курмандык катары өлгөн (1 Жакан 2:2Эврейлерге 10:26). Ал гана мыйзамды жана пайгамбарчылыктарды аткарган (Матай 5:17). Ал гана өлүмдү биротоло жеңген (Эврейлерге 2:14–15). Ал гана – Кудай менен адамдардын ортосундагы арачы (1 Тиметей 2:5). Аны Кудай «жогорулатып... [Ага] бардык ысымдардан жогору ысым берди» (Филипиликтерге 2:9).

Ыйса Өзү Жакандын жакшы кабары 14:6дан башка дагы бир нече аяттарда жалгыз жол экендигин айткан. Ал Матайдын жакшы кабары 7:21–27 Өзүн ишенимдин объектиси катары тартуулайт. Ал: «Менин сөздөрүм тирүү», - деп айткан (Жакан 6:63). Ал Өзүнө ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ болорун убада кылган (Жакан 3:14–15). Ал – «койлор кире турган жалгыз эшик» (Жакан 10:7); өмүр наны (Жакан 6:35); Ал гана тирилүү болуп саналат (Жакан 11:25). Бир дагы адамдын мындай наамдарды алууга укугу жок.

Элчилердин насааттарынын негизги маңызы Теңир Ыйсанын өлүмү жана тирилүүсү болгон. Петир жүйүттөрдүн жогорку диний кеңешине кайрылып сүйлөгөндө, Ыйса бейишке жалгыз жол экенин ачык жарыялаган: «Адамдарды Ыйсадан башка эч ким куткара албайт. Анткени асман астында бизди – адамдарды куткара ала турган башка ысым жок» (Элчилердин иштери 4:12). Пабыл Антийохеядагы синагогада сүйлөп жатып, Ыйса Куткаруучу экенин баса белгилеген: «Ошондуктан, бир туугандар, билип алгыла: силерге Ал аркылуу күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат. Мусанын мыйзамы аркылуу актала албаган иштериңердин бардыгынан Ал аркылуу акталасыңар. Ага ишенген ар бир адам Ал аркылуу акталат» (Элчилердин иштери 13:38–39). Жакан жыйынга кат жазып, кечирилүүбүздүн негизи Машаяктын ысымы экендигине өзгөчө басым кылат: «Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машайактын ысымынын урматына кечирилген» (1 Жакан 2:12). Ыйсадан башка эч ким күнөөлөрдү кечире албайт.

Асмандагы түбөлүк өмүргө Ыйса Машаяк аркылуу гана ээ болууга мүмкүн. Ыйса мындай деп сыйынган: «Ал түбөлүк өмүр – жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу» (Жакан 17:3). Кудайдын бекер куткарылуу белегин алыш үчүн, биз жалгыз гана Ыйсаны карашыбыз керек. Биз Ыйсанын айкаш жыгачтагы өлүмү жана тирилүүсү биздин күнөөлөрүбүз үчүн төлөнгөн кун (баа) экенине ишенишибиз керек. «Кудайдын бул адилеттиги – бардык ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишеним аркылуу бериле турган адилеттик» (Римдиктерге 3:22).

Ыйса кызмат кылып жүргөн кайсы бир убактарда адамдардын көбү Ага аркасын салып, куткаруучу экенине ишенишкен эмес. Ыйса он эки шакиртинен: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» – деп сураган (Жакан 6:67). Петирдин жообу эң туура болгон: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде. Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы – Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык» (Жакан 6:68–69). Биз да Петирдин түбөлүк өмүргө Ыйса гана ээ кылат деген ишенимине ортоктош бололу.